www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-ноябрда социалдык түйүндөрдө колдонуучулар кир кардан кийин эмнелер калганын айтып даттана башташты.

Айдоочулар кар ээригенден кийин унааларында баткактын калдыктары калганын белгилешүүдө. Алар унаасы кар жааганга чейин таза болгонун белгилешүүдө.

Бишкектин тургундары сырт кийимдери да кир экенин айтышууда. Куртка менен пальтодо кирдин тамчылары даана көрүнүп турат.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкектин тургундары жааган кардын өзгөчө түскө ээ болгонун байкашкан. Ал күрөң жана кир көрүнөт. Экологдор бир нече себептерди аташкан. Алардын айтымында, Казакстандын түштүгүндө катталган чаңдуу бороон кардын булганышына таасирин тийгизиши мүмкүн. Дагы бир себеп Кара-Кечеден чыккан күрөң көмүрдүн колдонулушу болду. Кыргызгидромет азырынча түшүндүрө элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости