www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин китепканасынын директору Мая Джайылканова өз билемдигине салып, китепканадагы жаңы китептерди таштандыга ыргытып жатат. Бул тууралуу аталган китепкананын кызматкерлери NazarNews маалымат агенттигине билдиришти.

--“Мая Джайылканова 13 жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин китепканасын жетектейт. Ал кол алдында иштеген кызматкерлерди теңсинбейт. Жүрүм-туруму менен кызматкерлерге кысым көрсөтүп, сөгүп, бакырып, урушат. Кааласа айрымдарды мыйзамсыз жумуштан кетирип, китепканачыларды каалагандай калчайт. Ага ректор же башка жетекчилер чара көрө алышпайт. Эч кимди укпай, китепканадагы жаңы китептерди макулатурага жөнөтүп, бюджетке чоң зыян келтирет. Эгер кызматкерлер оюн ачык айтып, керектүү китептерди калтырууну сунуштаса аларга дароо өчөшүп, жумуштан кетирүүнүн амалын көрөт. Биз кызматкерлер бир канча жолу ректорго, башка жетекчилерге жана министрликке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылдык. Тилекке каршы эч ким ага чара көрө алышкан жок. Мая Джайылканованын катаал мамилесине чыдабай калдык. Биз жүрүм-туруму начар жетекчи менен иштеше албайбыз.

2020-жылдын аягында Джайылканова ректор Канат Садыковго маалымат берип жатып кызматкерлердин санын кыскартам деген. Кийин китепканадагы жаштарды чогултуп, “айлыгыңарды көтөрөм, улуу муундагыларды жумуштан кетиргенге жардам бергиле” дептир. Анан жашы өтүп калган кызматкерлерди мыйзамсыз иштен алууга аракет кылды. Аягында ага каршы чыккан жаштарды жана жашы өтүп калган китепканачыларды жумуштан мыйзамсыз алып салды.  

Айрыкча китепканадагы канчалаган жаңы, балдар окуй турган, “Кыргыз тарыхы” сыяктуу табылгыс китептерди таштандыга кетирип жатат. Мындай терс көрүнүштөрдү билип туруп чыдап тура албай ректорго кайрылдык, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. “Китепканага 5 эле китепти калтыргыла, калганын макулатурага жөнөткүлө. Азыр балдар китеп окубайт, интернеттен окушат” деп текчеден алдыртып койду. Азыр 12 миң китеп алынып турат. Бул туура эмес, интернеттеги ал убактылуу нерсе, китеп деген түбөлүктүү калат. Биз анын орунсуз жоруктарына карата чара көрүлүүсүн талап кылабыз.

Биздин мугалимдер жыл сайын керектүү китептер боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат жазышат. Министрлик ал китептерди алып берүү үчүн чоң акча бөлүп, китеп сатып беришет. Ал эми биздин директор ошолорду билип туруп, жарактуу, кымбат китептерди таштандыга ыргытат.

2020-жылдын 30 декабрында макулатурага жөнөтүлгөн китептердин тизмеси:

“Аналитическая химия” окуу китеби. Автору: Асанов У.А, 2004-жылы басылып чыккан. 100 даана китеп, баасы 200 сомдон турат.

“Физикалык химия” окуу китеби. Автору: Асанов У.А, 2000-жылы чыккан. 30 даана китеп, баасы 300 сом. “Органикалык химия курсу” окуу китеби. Автору: Адылов С.А, 2003-жылы чыккан. 60 даана китеп, баасы 200 сом.

“Жогорку математиканын жалпы курсу” окуу китеби. Автору: Бекбоев И.Б, 2000-жылы чыккан. 90 даана китеп, баасы 50 сом.

“Квант теориясы” окуу китеби. Автору: Шаршакеев О.Ш, 2001-жылы чыккан. 80 даана китеп, баасы 190 сом.

“Радиоэлектроника” окуу китеби. Автору Колантаевский, 1994-жылы чыккан. 29 даана китеп, баасы 70 сом.

Физика кыскача энциклопедия, 1994-жылы чыккан, баасы 200 сомдон турат.

“Электродинамика жана салыштырмалуулуктун атайын теориясы” окуу китепби. Автору: Айтмурзаев Т.

2017-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин китепканасынын фондунан 150 миң 252 китеп макулатурага жөнөтүлгөн. Анын ичинде 2017-жылдын ноябрында 89 миң 797 даана китеп, ал эми 2020-жылдын июнунда 60 миң 455 китеп жок кылынган. “Булар эскирди” деген шылтоо менен жогорку окуу жайдын бухгалтериясынан 160 миң сом бөлүнүп, мындайча айтканда ар бир китепке 1 сомдон жумшап макулатурага ыргытылган.

Ушул китептин арасында эч качан эскирбей турган 9 миңге жакын көркөм адабияттар да аралашып кеткен.

Ошондой эле, “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясы дагы таштандыга ыргытылган.

 

Эски сейрек кездешүүчү китептер негизинен өтө балуу товар катары чет мамлекеттерде букинисттер аркылуу өтө кымбатка сатылат. Бизде болсо макулатурага кетириш үчүн 160 миң сомду жок кылып жатышат.

Негизи акча каякка эле чыгымдалып жатат десе ушул жакка кетип жатат.

Бул кандай болсун? Көпкөндүн дагы чеги болот. Кызмат, бийлик атасынан калган эмес. Кызматкерлер 13 жылдан бери чыдап иштедик. Азыр анын кызматынан кетишин талап кылабыз. Башка адам бизге жетекчи болсун.

Карапайым кызматкердердин үнүн эч ким укпай жатат. Андыктан биз Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз. Мая Джайылкановага карата чара көрүшсүн. Таза китептерди таштандыга ыргытып, мамлекеттик бюджетке зыян келтиртиргендиги үчүн мыйзам алдында жооп берсин!”, - дейт кызматкерлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости