www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 акыркы учурда көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууга чектөө коюуну Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб сунуштады. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргызстандын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт", — деп айтылган билдирүүдө.

Штаб кеп учурда коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустары туурасында болуп жаткандыгын, башка облустарда жашагандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин бул аймактарга барбай турууну айтты.

"Ошондой эле жарандарды медициналык бет каптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Кыргызстанда акыркы айларда COVID-19 Бишкек менен Чүйдө көп катталса, эми ал тенденция Ош аймагында байкалууда. Бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпы 784 кишиден коронавирус табылып, төрт бейтап көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости