www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир отурушта сөз Курманжан Датка тууралуу болуп, улуу кеменгердин алайлык экенин бири айтса, андай эмес ал мадылык (Карасуу) деп экинчиси талашты эле, үчүнчүсү эже биздики ал деген Орекелик деп баарын оозун жапкан болду. Ошол кезде четте отурган кадамжайлык бирөө, макул дейли, анда айткылачы, улуу энебиздин апасынын ысмын атай аласыңарбы, деп маселени кабыргасынан койсо болобу. Алайлыгы да, мадылыгы да, кала берсе биздин эжебиз деген орокелик да унчукпай отуруп калышты ийиндерин кысышып. Ушуну ойлонбоптурбуз, дегендей. Кайра сен эле билип кыйратасың... Кана айтчы деп кайра көздөрүндөгү огун тигил кадамжайлыкка атышып...

Чынында күтүүсүз собол болду. Кала берсе Курманжан Датканын 180 жылдык маарекесинде деле ал аял тууралуу сөз деле болгон эмес. Эмне, Курманжанды аял туубай, көктөн түшкөн периштеби деген ойго жетеленесиң. Ал тууралуу булактарда деле мындай маалымат жок. Болсо болгондур, бирок мен учуратпадым.

Топтолгондордун көздөрү кадамжайлыкка кадалды. Ысмы Мережидин Тажибаев экен. Көп жылдар бою мектептерде директор, окуу бөлүмүнүн башчысы, агартуу бөлүмүндө кызматкер болуп иштеген экен. Ал мыйыгынан жылмайып бир далайга унчукпай отурду бүйрөөнү кызытып. Анан бир кезде "Анын атасы Маматбай бий, апасы Сырга, жердиги азыркы Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылы", деди да ордунан туруп басып кетип калды. Чыныгы эжеңер, келиниңер болсо чечип алгыла калганын деди окшойт чамада... Ой, токто дегенге кылч карап да койбоду. Ошол собол кудум ошол жерде обого асылды да калды. Түшүнүктүү да, анын апасынын ысмын эми угуп жатышса, кайдан билишсин...

Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости