www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынына катышууда.

Жыйында сугат суунун жетишсиздиги жана азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшү өңдүү маселелер талкууланууда.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында сугат суунун жетишсиздиги боюнча маселелер каралмак. Ага Улукбек Марипов да чакырылган. Бирок министрлер кабинетинин төрагасы жыйынга барган эмес. Ага байланыштуу бир нече депутат Мариповдун ишмердүүлүгүн сынга алышып, ишенбөөчүлүк көрсөттүү сунушу дагы көтөрүлгөн.

Жыйынтыгында жогоруда айтылган маселелер парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Улукбек Мариповдун катышуусунда каралмай болгон.

Комитет тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин депутаттар жалпы жыйында сугат суунун жетишсиздиген келип чыккан абалды Мариповдун катышуусунда кайрадан талкуулашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости