www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маселе менде болсо, кызматтан азыр кеткенге даярмын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөттү алмаштыруу менен маселе чечилбейт.

«Эгерде маселе менде болсо, азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргаганыман иштеп жаткан жерим жок, кыйынчылык болуп жатат. Биз уктабай иштеп жататбыз. Башкы максатыбыз маселени чечүү. Президент «Кумтөрдөн» баштап, баардык маселени коюп жатат. Аракет кылып жатабыз.

Пара алып, кызматка бирөөнү койгон болсом азыр иштен кеткенге даярмын. Эгерде көйгөй менде гана болуп жатса, кызматтан кетүүгө даяр экенимди айткым келет. Чечим кабыл алыңыздар. Эмоцияга алдырсам кечирип коюңуздар!

Бирок ошол эле учурда жоопкерчилик алганга дагы даярмын, кызматка ошол себептен келгем. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам. Каягына жеткирели? Суу жетпей жатат. Ушул маселелерди биргеликте чечип, кырдаалдан чыгабыз буюрса. Урматтуу депутаттар, биз бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан эч бир маселени чечилбейт. Өкмөттү ар бир алты ай сайын алмаштыралы маселе чечилеби?», - деди Марипов.

Белгилей кетсек, буга чейин парламентте министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлгөн эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости