www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз чөптү экспорттоого тыюу салуу боюнча буйрук бердик», - деди министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда, парламенттин агрардык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында.

Анын айтымында, жыл башында өсүмдүк майын, селитраны жана күйүүчү-майлоочу майды экспорттоого тыюу салынган.

«Мен бардык маселелерди 100% чечебиз деп убада бере албайм. Бирок биз колубуздан келгендин бардыгын жасайбыз. Башка өлкөлөрдөгү кырдаалды дагы караш керек», - деди ал.

Анын айтымында, буга чейин тарифтер боюнча эч ким жоопкерчиликти алган эмес.

«Тарифтер жөнүндө коомчулукка ачык айта баштадык. Эгерде биз энергетикалык көйгөйлөрдү чечпесек, инвесторлорду тартпасак, анда биз же жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек», - деп кошумчалады ал.

Төраганын айтымында, бардык көйгөйлүү маселелерди элге ачык айтыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости