www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино кыйноо
Бармак тагы бир-бирине окшобогон сыяктуу бул каарманыбыз дагы ар тараптуу талант ээси. Зергер таштын сырын билгендей, ар бир өнөрлүүнүн купуя сыры бардай. Ошол сырдуулугу менен карапайым калктан айырмаланып турат окшобойбу. Актриса, гримёр, труппа башчысы менен бир чай кайнамда баарлаштык.
- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна качан малындыңыз?
- Мен театралдык студияны бүткөн соң, турмуш шартка байланыштуу иштебей калгам. “Мээрим” ансамбилинин солисткасы элем. Союз доорунда спектакльден кийин концерт коёр элек. К. Эралиеванын ырларын ырдачумун. “Муңайба талаа гүлдөрүн” деген ырга оркестр менен эки айдай даярданчубуз. Чыныгы эмгек ошол биздин доордо болоор эле. Клубдарга концерт койчубуз. Жайлоодо сарайларга да спектакль, концерт койгон учурларыбыз болгон. Эч кандай шарт жок, кээде жүк ташуучу машинени сахна кылып алаар элек. Көрсө ошол убакыттын өзү баалуу экен.
- Азыркы тасмалардан сизди көп көрүп калдык...
- Раматылык режиссёр Алмаз Сарлыкбеков актриса болсоң кандай роль болбосун катырмаксың деп актрисалыкка буйрукка да чыгарып койгон эле. Ал убакта балдарым жаш болуп, гастролдорго чыга албайт элем. Бир кызым, бир уулум бар. Азыр чоңоюп өз өзүнчө жашашат. Алгач жарнамалык роликтерге чакырылып тартылып калчумун. Биринчи тасма “Көк салкын” болсо, кийинкилери “Салам Нью-Йорк”, “Биртууганчик”, “Напарниктер” жана башкалар болду.
- Кесип сизди тандадыбы же сиз кесипти тандадыңызбы?
- Эң ириде кесип мени тандады десем туура болчудай. Актрисалык өнөргө кеч кайрылсам дагы, азыркы курчтугумдан бул кадамга бардым десем жаңылышпайм. Ар бир курактын урунтуу учурлары болот. Менин өжөрлүгүм ушул куракка туш келиптир. Кээ бир залкарлар дагы бу чыгармачыл жолго кеч кайрылышканы жалпыбызга маалым. Мен дагы ошолор сыңары мезгилдин өткөнүнө карабастан, бул чыгармачыл жолго баш-отум менен кирдим. Өмүрүм театр деп өтүп жатканы мени топук кылат. Актёр, актрисаларды да гримдеп эмгектенем. Тактап айтканда өз ишимдин фанатымын.
- Эпизоддун королу аталган КРнын эмгек сиңирген артисти Тургун Бердалиев не деген талант эле. Сиз дагы эпизод ролдордо таанылып келе жатасыз...
Туура. Көчөдө бара жатсам тааныгандар токтото кала: “Сиз “Көк-Салкын” тасмасындагы Мен дагы эркекмин деген эжесиз ээ “ деп калышат. Ушинтип таанылгандын өзү дагы сүйүнүч эмеспи.
- Ар бир актрисанын тээ түпкүрүндө аткарсам деген образы жашайт экен...
- Менин сырткы келбетим ажаан аялдардай көрүнөбү айтор ушул убакка чейин тажаал аялдардын образын аткарып келе жатам. Бирок мен дагы мээримдүү эненин ролун жараткым келет. Эң ииде мен дагы башкалар сыяктуу энемин. Балдарына мээримин төккөн эне тууралуу сценарий жазып, ошол баш каарманын өзүм аткарсамбы деген кыялым бар. Чындыгында актрисаларда аткара элек роль кызыктуу го.
Динара Андарова
Булак: NazarNews.kg