www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино жана театр залкары Жамал-эженин өткөн жолу, тартылган тасмалары туурасында пикир алмаштык. “Акбаранын көз жашында” – Көктурсундун, “Алыскы тоолордо” – Зыягүлдүн, “Тянь-Шань кызы” тасмасында – Алтынайдын, “Караш-Карашта” – Хаджанын, “Уланда” - Фатиманын, “Курманжан-даткада” – Курманжан-датканын ролдорун жогорку деӊгээлде аткарганын эл жакшы билет. Жамал эженин көзү тирүүсүндө алган маекке назар салыңыздар.

“Тагдырдын мага жазган мыйзамы ушундай болуп калды”

Азыркы мезгилге чейин эле карьерам үй-бүлөмө тоскоол болуп келет. Неберелериме, балдарыма, жолдошума жакшы көӊүл бура албай калган күндөрүм болот. Кээде спектаклдер болгондо абдан эле кеч барып, күнү-түнү иштеп калган учурлар болот. Үйдө тамак-аш жасап бере албай, неберелеримди ойното албай, өзүмдү күнөөлүүдөй сезип жүрөм. Бирок, алар 60 жылдан ашык сахнада, экранда жүргөнүмдөн кийин менин күнөөм эмес экенин түшүнүштү.

Тагдырдын мага жазган мыйзамы ушундай болуп калды. Бош боло калганда жакшы оокат кылып, неберелеримди ойнотконго, эрте туруп үйдү жыйнай коюп, жолдошума тамак жасап берип анан жумушка кеткенге аракет кылам. Чынын айтканда, абдан чарчайм. Үйгө барганда сулк жыгылып жатып калам.

 “Карамолдо атабыз “Көкөй кести” күүсүн черкенде сакалынан жаш тамчу”

Кызым, бул тагдырдын мага жазган тартуусу болду. Мен кичинекей чагымда апам Каракол театрынын артисти экен, атам колхоздо башкарма болуп иштептир, үйүбүзгө артисттер көп келчү. 

Мен кичинекей кезде “Балыр болуп түбүӊө жаткым келет Ысык-Көл” - деген ырым бар болчу. Ошону көп жыл ырдап жүрдүм. Саякбай атамдын астына отургам. Карамолдо атабыз “Көкөй кести” күүсүн черткенде  сакалынан жаш тып-тып деп акканын көрүп жүрдүм да. Ушунун баары жүрөгүмдө чоӊ таасир берген экен. Анан Бишкекке келип №5 мектепте окудум. Ал жерде жумасына бир жолу Кыргыз драм театрына алып барат.

Биздин корифейлер: М. Рыскулов, Д. Күйүкова, С. Күмүшалиева, Б. Кыдыкеевалардын аткарган оюндарын, классикалык чыгармаларын көрдүм, ушунун баары чогулуп келип жүрөгүмдү ээлеп алды.

“Ролдор туурасында...”

Ролдордун бары татаал. Анын жеке формасын эле бербей, ички дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун алып чыгышыӊ керек. “Курманжан датка” тасмасынын аягында 3 мүнөттүк кичинекей кадрда ойнойм.

Ошол мага абдан татаал болду. 3 мүнөттүн ичинде тарыхый инсандын көз карашын, кыял-жоругун, эл-журтуна болгон сүйүүсүн, күйүтүн, балдарын эстегенин кантип берем деп ат үстүндө жыгылып кала жаздап, ошол ойлогонум көзүмдөн байкалыптыр. 

Гоголдун “Үйлөнүү” деген комедиясында Агафья Тихонова деген кыз күйөө тандайт. Иван Ивановичтин мурду, тигинин көзү, башканын мүнөзүнүн баарын бириктирип келип бир киши чыгарса мен ошого ойлонбой туруп чыгаар элем деген боорду эзген жери бар. Ошол ролду ушунчалык рахаттануу менен аткаргам, элдин да эсинен кетпейт.

 “Тунгуч театрын туурасында...”

Театрды түптөөдө жолдошум Назаров Садырбек абдан жардам берди. Уставды өзү түздү. Тунгуч театрын түптөө аябагандай чоӊ иш болду да. Ал кезде элдер таӊ калып ишенишкен жок. Кээ бирлери бул “афера” деп ойлошту.

Ал кезде Ленинграддагы бир театрды көрүп келгем. Ой-санаамдын баары бөлүнүп, мен эркин театр менен эркин чыгарма жараткым келген. Ошол кыялымдын орундалышына жолдошум жардам берди. Имарат алдык, актерлорду топтодук, бир жылдан кийин эле гастролдорго чыгып кеттик. Жаман болгон жокпуз, азыр 14 мамлекетке барып чыгармаларыбызды тартуулап келдик.

Театрдын залы ремонттолду, эми ачып элге көрсөтөлү деп драматург Султан Раевдин “Илегилек” спектаклин койдук. Бу чыгарма  “Ыйман адеп жана маданият жылына” арналган.  Мен 90го келип калган эки инсульттан кийинки тили чулдураган кемпирдин ролун аткарам. Спектакль формасы, идеясы жагынан абдан кызык, заманбап болду.

 “Арманым...”

Арманы жок адам болбойт. Отуруп, ишке ашпай калган нерселерди ойлойм. Колумдан келишинче баштаган ишимди аягына чыгарганга аракет жасайм. Ушул ишти жасап калсам деген пландарым көп. Бирок ошонун кайсынысы ишке ашат, кайсынысы ишке ашпайт мен билбейм.

Азыр жараткан көбүрөөк убакыт берсе деп тилейм. Неберелеримди окутуп, адам кылып бутунан тургузуп алсам деп ойлоном. Театрымды дагы өркүндөтүп, улуттун тарыхы жөнүндө  спектаклдерди, кинолорду жаратып, кинолорго түшүп калсам деген тилектерим бар. Акча, байлык убактылуу келет. Эмгек кылган адам эч качан өлбөйт.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости