www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Актёрдун мыктылыгы режиссёрдун жүзү тура. Кайсы режиссёрлор менен иштешип келесиз?

- Мен дээрлик биздин замандын режиссёрлору менен иштештим. Өзүм иштешкен эки режиссёрду өзгөчө кадырлап-баалайм. Алардын ичинен өзүмдүн агайым раматылык Алмаз Сарлыкбековдун актёр менен иштөөсүн сыйлачу элем.

Агай чындыгында мыкты режиссёр болчу. Жакшы режиссёр тулпар таптаган саяпкер өңдүү актёрдун дараметин даана көрүп турушу керек деп ойлойм. Биз менен тажик режиссёру Барзу Абдразаков аябай сонун кызматташты. Учурдун режиссёру десем туура болчудай.

Ал кесипкөй иштегенде жумуштун майын чыгарып, бышырып туруп анан   оозуңа салып берет. 

- Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн…

- Балким. Анткени, талантым күчтүү же күчтүү эмес деп айта албасам дагы, ар ким өз ийгилиги үчүн өзү иштеп жетишет. Талыкпаган   эмгек менен гана ийгиликти багындыра аласың деп ойлойм. Себеби 99% эмгек 1 % талант деп бекеринен айтылбагандыр.

Канчалык эмгектенсең, ошонун үзүрүн көрүп, эмгектин акыбетин алып, ошо эмгектин аркасынан чоң бир ийгиликтерге жетесиң деп ойлойм. Ошондуктан ийгиликтин сыры эмгек деп айтаар элем.

- Сиздин жашоодогу кредо?

- Бул дүйнөдө таза жүрүп, адал эмгек табуу. Менин жашоодогу бийик туткан нерсе ушул.

 - Булактын көзү болупкөрбөгөндөй тунук болот дейт. Тунуктукту кандай кабылдайсыз?

- Аруулукту, тунуктукту кимдер гана сүйбөйт. Мен ойдун тунуктугун издейм. Оюң тунук болсо, жаман жолго барбайсың. Ыплас нерселерди жасабайсың. Аруулукка умтуласың.

- Үй-бүлө кичинекей мамлекет. Коломтонун ташын эстүү жан гана бир салмакта кармап тура алат. Элмира эже сизге кандай өмүрлүк жар жана балдарга кандай эне?

- Туура айтасыз. Жогорудагы суроого байланыштуу жубайымда кээ бир сапаттары басымдуулук кылат. «Жандоочу кийик аттырат» дейт элибизде. Мага: «Сен эмнеге бактылуусуӊ?» деп сурашса, келинчегимди сүйгөн сүйүүм менен жана андан тапкан кызым Мираида, Барсбек, Баэль балдарым менен бактылуумун демекмин.

Негизи үй-бүлөдө эненин ролу өтө чоң деп билемин. Эненин тарбиясы үй-бүлөдө күчтүү болсо ошол балага да өтө чоң таасирин берет. Өмүрлүк жарың канчалык акылдуу, ыймандуу, сарамжалдуу, ийкемдүү болсо өзүңө да жеңил болот экен.

Ата-энесин көрүп чоңойгон бала дагы алардын жолу менен кетет деп ойлойм. Эркек үйдө сүйгөн жары жаркылдап, кабагы ачылып турса, сырттан бакыт издебейт.

- Сүйүү сезими керемет сезим дешет. Мына ушул сезимди билдирүү оңойго турбасы чынбы дегеним ошол махабатка алгачкы жолуккан күнүңүздү эске салгым келди…

- Пайгамбарыбыздын бир хадиси бар: «Эгер сен бирөөгө ашык болуп калсаң ага сөзсүз жеткиришиң керек» деген. Анынсыңарындай, ошол бактылуулукка жол ачкан алгачкы жолугушуу кантип унутта калсын. Ошол эстен кеткис ажайып кооздук тартуулаган жомоктогу сыйкыр дүйнөнүн күнү бүгүнкүдөй эсимде.

- Деңиздерди сүйсөң толкундарды кошо сүй. Учкуң келсе кулаганды да бил. Жашоодон коркуп жашасаң, ийгиликтен кол жууп калышың толук анык деп бир ойчул айткан экен. Сиздин пикириңизди уксак…

- Розаны сүйсөң тикенегин кошо сүй дегенчелик бар экен бул учкул ой. Албетте, ар бир адамдын ойлогон ою, көксөгөн максаттары, кыялдары болот. Улуу максаттар үчүн жашайсың. Өзүң мерчинген максатка жетиш үчүн турмуштун жыргалы менен кууралы, жакшысы менен жаманы дайым сени коштоп жүрөт.

Кыйынчылыктарды басып өткөндө ошол көздөгөн чоң максатка жетесиң. Бекеринен кыргызда кыйынчылыктын артында бир кайыр турат дебестир. Канчалык күчтүү эмгек болсо акыры акыбети кайтат. Азап-тозоктун артынан жеңишин дагы жемишин дагы күтө билишиң керек. 

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости