www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январь күнү Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү Ат-Башы районуна иш сапары менен келип, аталган райондо жүн жана тери иштетүүчү заводду курууга макулдашып, курула турчу ишкананын презентациясы менен таанышуу иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, салына турчу ишканада жалпысынан 550 жумушчу орундары түзүлөт.

Келген өкүлдөр аталган проект боюнча алдыда атайын эксперттер иш алып барып, жеринен анализ-статистикалары тууралуу жана башка изилдөөлөр жүргүзүлөөрүн билдиришти.

Аталган заводдун жалпы сметалык наркы 4,5 миллион долларды түзөөрү маалым болду.

Мындай чоң иш-чараны эки өлкөнүн район жетекчилери улут аралык достукту бекемдөө жана райондордун ички өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында иш алып барышууда.

Ошондой эле, 2020-жылдын ноябрь айында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров бир катар делегаттары менен Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнө расмий иш сапары менен барып, эки райондун достук протоколуна кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости