www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери «Канжар –VIII» аталышындагы машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Индиянын жоокерлери учурда Кыргызстанга келишкен. Машыгуу эки жумага созулат.
Эки мамлекеттин аскерлери тоолуу шарттарда машыгып, мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду жок кылуу операциясын иштеп чыгышат.
«Ошондой эле, биргелешкен машыгууда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттагы чаралар тууралуу практикалык сабактар жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Соңунда аскерлер сабакта өткөндөрдүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп бермекчи.
Белгилей кетсек, «Канжар» биргелешкен машыгуусу Кыргызстан менен Индиянын аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын өтүп келет. 2019-жылы Индияда уюштурулган.
Булак: NazarNews.kg