www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө 2 гектар жерге көп балалуу жесир аялдарга үйлөр курула баштады. Бул тууралуу Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, учурда 3 үй-бүлөгө үй курулууда.

«Капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Алай районунун акими Замир Молдокулов катышты. Бул үйлөр 3 балалуу жесир аялдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Үйлөр чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Жалпы 76 жаранга үй курулат», - деди Б.Осмонов.

Ошондой эле Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө да социалдык шаарча түптөлүүдө. Бул тууралуу Куршаб айыл өкмөтүнүн басма сөз катчысы Казыбек Мамасадыков билдирди.

«Социалдык шаарча үчүн Куршаб айыл өкмөтүнөн 2 гектар 90 сотых жер бөлүнгөн. Ал жерге жалпы 100 үй-бүлө жайгаштырылат. Үйлөр жесир аялдар, жетим балдар үчүн курулуп жатат. Учурда 9 үйдүн пайдубалы тургузулууда. Бир корпуста 4 үй-бүлө жашайт. Жалпы 25 корпус курулат. Таза суу, электр жарыгы тартылат. Жетим-жесирлер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аялдар үчүн тигүү цехи, балдар үчүн спорттук аянтчалар да курулат. Бул социалдык шаарча чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан курулууда. Курулуш иштери сентябрь айында бүтөрү болжолдонууда», - деди К.Мамасадыков.

Алай району

Куршаб району

Булак: NazarNews.kg

Последние новости