www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Маунтин-Вью шаарынын 48 жаштагы тургуну Лаура Оглсби көп жылдан бери сүйлөшпөй калган кызынын аты-жөнүн пайдаланып жүргөнүн полиция аныктады. Бул тууралуу New York Times жазды.
A mama is facing jail time after admitting to stealing her daughter’s identity in order to secure student loans, enroll in college and pursue her sexy co-ed fantasies
— Pubity Latest (@pubitylatest) December 9, 2021
Laura Oglesby, 48, posed as her daughter for more than 2 years in a scam that fooled the federal govt. & locals. pic.twitter.com/CaSDBbIusl
2016-жылы ал биринчи жолу 22 жаштагы кызынын атынан социалдык камсыздандыруу картасын сурап, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Аны алары менен кызынын атын пайдаланып жашай баштаган. Кийин Түштүк-Батыш баптисттик университетине тапшырып, билим алуу үчүн 17,5 миң доллар насыя алган.
"Аял 20 жаштан жаңы өткөн кыздын образын жаратып, жаштардай кийинип, боёнуп, өзүн жеңил-желпи алып жүргөн. Ошол эле учурда да көптөгөн жаш жигиттер менен мамиле куруп, алардын баары Лаура 22 жашта экенине ишенишкен", — дейт ишти иликтеп жаткан полиция кызматкерлеринин бири Жейми Перкинс.
Лаура үй-бүлөсүнөн кордук көрүп качып кеткем деп алдап, Эйвери жана Венди Паркер аттуу жубайлардын үйүндө жашачу.
Күндөрдүн биринде Маунтин-Вью шаарынын полициясына Арканзас штатынын жергиликтүү бийлиги кайрылып, анын башка ат менен жашап, финансылык кылмыштарга катышкандыгын айтып кайрылган.
Эми ал кызына жана Түштүк-Батыш баптисттик университетине компенсация төлөп бериши керек. Ошондой эле ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Азырынча соттун чечими чыга элек.
Булак: NazarNews.kg