www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарынан Ла-Пальмада 19-сентябрдан бери активдүү болгон Кумбре Вьеха вулканы бүркүгөн лавалар 10 күндөн кийин Атлантика океанына куйула баштады.
Ла-Пальмадагы электр мамыларын кулатып жээктеги авто жолду кесип өткөн лавалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.03тө Лос Гуаррес пляжынын айланасына жетип, болжол менен 100 метрлик аскадан деңизге акты.
Эксперттер температурасы 1100 градустан ашкан лаванын 20 градустук деңиз суусуна кошулганда химиялык реакция жаратып уулуу газдарды бөлүп чыгарарын айтышты.
Лавалардын пляжды толугу менен жок кылышы менен бирге экологиялык олуттуу зыян келтириши мүмкүн экени билдирилди.
Кумбре Вьехадан чыккан лавалар ушул убакка чейин Ла-Пальма аралында 24 чакырым жолду жараксыз абалга келтирди. Лавалар каптаган 300 гектардан ашык жерде болсо 686 имарат, анын ичинде 589 үй күл болду.
Булак: NazarNews.kg