www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия Эркиндик проспектисиндеги батуттардын ордуна бак-дарак отургузду. Мэриянын маалыматында, Эркиндик проспектисинде жайгашкан батуттарды иштетүүгө кожоюндарынын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул тууралуу Спутник кж билдирет. 

Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин 10 бадал жана чынар, эмен бактарынын 90 түрү тигилди. Жаңы отургузулган бак-дарактар төрт жылдан кийин гана шаардагы көмүр кычкыл газды өзүнө алып, кычкылтек бөлүп чыгара баштайт.

Мэрия Эркиндик проспектисиндеги батуттардын ордуна бак-дарак отургузду.

"Үйлөтүлгөн аттракциондор жаратылышты да, топуракты да бузуп жатат. Анын үстүнө бул боюнча шаардыктардан арыздануулар түштү. Батуттарды иштеткен кожоюндарынын шаардын жерин коммерциялык негизде пайдаланууга документтери жок болуп чыкты", — деп жазылат маалыматта.

Учурда бульварды жашылдандыруу уланып жатат. Мэрия Тоголок Молдо көчөсүндөгү гүлбакчадагы батуттардын ордуна да көчөттөр отургузула турганын кошумчалады деп жазат Спутник кж.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости