www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин укуругу узун экенин бүгүнкү күнү УКМК далилдеди. Эми калдайган калбыры барлар беш маал зикир чалып, теспеси колунан түшпөй “Кудай” деп колдорун асманга жайып турган убагы башталды.

Алардын катарын атай кетсек алдыңкы сапта “Акун” фирмасынын мурдагы башчысы, КСДП партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Чыныбай Турсунбековдун калчылдап калганын уктук.

Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар “пара” менен кармалганын уккан Чыкебиз, 100 миң АКШ долларга килтейген арак заводун жеке менчикке которуп алгандыгы жана шайлоо болоордо КСДП партиясына талапкерлерди киргизүүдө эбегейсиз чоң суммаларды сол чөнтөккө салып келгендиги айтылып жүрөт. Ошондой эле буудайга болгон салыкты кыскартып, өзүнүн ун фирмасынын капчыгын ойлоп мамлекеттин казынасына зыян келтирип салыктан аксатып келгендиги маалым.  

Дегенибиз менен оо-о бир кездерде Чыкебиз дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары болгон.

Эми кайрадан катардагы тизмелерди карасак, Атамбаевдин кел-кели келип турганда “бөрк ал десе баш алган” Аида Салянова, “карала десе жугунду куйган” соттордун тагдырын Ак үйдөн чечкен Манас Арабаев, “тымызын келип, тымызын кеткен” Индира Жолдубаева жана башкалардын камалышын калк күтүп турган мезгили.

Баарына кызыгы Тажикстан тараптан шалбар кийип качкан Шадиевди дагы УКМК алып келип сурак жүргүзөрүнө Илмияновду кармап келгенден кийин ишеним арта баштадык.

Мындай темп менен азыркы президент Сооронбай Жээнбеков кете турган болсо эл оозуна алынып калк колдоосуна ээ болот.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости