www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирлан Арстанбаев Жапониянын тышкы иштер министринин жаңы дайындалган парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту.

Хонда эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде экендигин жана жапон тарап алдыда 28-ноябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого кызыгуусун билдирип, шайлоо таза жана адилеттүү өтөөрүнө ишеничин билдирди. Ошондой эле, ал элчини Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Андан кийин Хонда ушул жылдын 2-ноябрында Глазго шаарында президент Садыр Жапаровдун Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен болгон кыска жолугушуусуна токтолуп, тараптар эки өлкөнүн кызматташуу абалына оң баа берип, мындан ары да адам ресурстарын өнүктүрүү программасын улантуу маанилүү экенин белгилегенин айта кетти.

Элчи Арстанбаев Хонданы дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташуу жаңы форматта дагы активдүү улана тургандыгына ишеним билдирди. 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана бул шайлоо парламенттик системаны өнүктүрүүгө, мындан ары коом, демократиялык институттарды жана Кыргызстанда жалпыга таанылган баалуулуктарды орнотууга дагы бир кадам катары карала тургандыгын маалымдады. Кыргызстандын шайлоо системасын техникалык камсыздоого жана өз убагында пандемия менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн Жапонияга ыраазычылык билдирди.

Элчи Арстанбаев мамлекет башчыларынын биринчи жеке жолугушуусу жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды улантуу маанилүү экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости