www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Күн-туу айылынын Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинин чатырын катуу шамал учуруп кетти. Бул тууралуу аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты Канымбеков Адилет Канымбекович NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, 1962-жылы пайдубалы начар курулган  мектептин эскилиги жетип, жамгыр жааган сайын чатырдын жыгачтары бошоп,  шамалга туруштук бере албай учуп кеткен. Мектептин салынганына 60 жылдай болуп калса да, эч бир капиталдык оңдоп-түзөөдөн  өткөн эмес, натыйжасында дубалдары урап баштаган.  

"Бул мектептин көрүнүшү   тургундарды   ыйлай турган  абалга алып келди. Бүгүнкү күндө айыл өкмөт менен директорго “мектептин тегерегин тоскула” деген маалымат келип түштү.  Бирок  Күн-Туу айыл өкмөтүнүн бюджети 3,5 миллион сом эле болгондуктан эч нерсеге жетпей жатат. Ошондуктан эл чогулуп, мамлекеттен жаңы мектепти талап кылып жатабыз”,- деди ал.2016-жылы эксперттер аталган билим уясын жараксыз деп табышкан. Эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңы мектеп имараты курулат деп  Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (ГОСтрой) билдиришкен. Бирок, Күн-Туу айылына курулуучу мектептин долбоору Селекция айыл аймагына өтүп кеткен.“2018-жылы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районуна болгон иш сапарында, ушул маселе көтөрүлүп, мектеп салынат деп убада беришкен. Бирок, акыркы жагдайдан кийин айыл тургундары жаңы мектеп салынабы же жокпу деп бушайман. Бул көйгөй жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте каралып, ЖКнын депутаты Элвира Сурабалдиева парламентте ушул маселени көтөрүп чыкканында "аталган мектепти салуу планы долбоордо бар, 500 орундуу мектеп имаратын куруу үчүн 2 гектар жер бөлүнүп берилип, курулуш иштери башталды"- деп өкмөттөн жооп беришти”.

Бирок,  Күн-Туу айыл аймагында эч кандай мектептин курулушу баштала элек. Өкмөт мүчөлөрүнүн парламентте билдирген маалыматтары чындыкка дал келбей жатканын кошумчалады.

Эскилиги жеткен бул билим уясында 1000ге чукул окуучу билим алып келген. Эми ички миграциянын күчөгөнүнөн улам, быйылкы жаңы окуу жылына 500дөй гана окуучу келмек.Булак: NazarNews.kg

Последние новости