www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

"Ак-Кемедеги" Орозкулдан токмок жеген Бекейди кимдер билбейт. Кандай образ берилбесин, ошону майын чыгара жеткире аткарганды профессионал деп атайбыз. Мейли сахнада болобу же тасмадабы ынанымдуу аткарат. Өзүнүн кейипкеринин жашоосуна биротоло сүңгүп кирип, элдин эсинде калган образдарды ойногон актрисадан маек алдык. Жакында эле Назира Мамбетова эл аралык Экономикалык Кызматташтык Уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Сыйлыкты КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

- Белгилүү режиссёр Алмаз Сарлыкбеков: "Бакен эженин дал өзү болуп калдың", - деп сизге чочугандай айтканын бир гезиттен окуп калдым. Өзүңүз ушул ролду кандай кабыл алдыңыз?

- Бакен Кыдыкеева жөнүндө режиссёр Алмаз Сарлыкбеков "Талант жана тагдыр" аттуу спектаклин 2004-жылы койгон. Бакен эженин ролун мен ачып бергем. Спектакль бүтөр соң, Алмаз жаныма келип: "Ой, кудай ай, астафуралла, -деп чочуп калды. Мен таңыркай: "Ой, Алмаз, сага эмне болду?"- десем, ал: "Бакен эжеге аябай окшоп кеттиң, актрисанын куюп койгондой окшоштуктарын мен биринчи жолу жолуктуруп атам", - деп таң калды. Өзүм Бакен эжеге анчейин окшош эмесмин да, бир-эки ай тырышып иштеп, окшошконго бүт күчүмдү жумшагам. Биз көрүп жүргөн үчүн Бакен эженин элеси сакталуу да, ошол күндөрдү эстеп, ролду жеңилдеттирип алдым.

- Мосфильм тарткан "Санниковдун жери" тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?

- Ал убакта мен Москвада 5-курста окуйт болчумун. Бизге келип режиссёр Альберт Мкртчян жана оператор Михаил Коропцов азиат улутундагы кыздар керек деп, кыздардын ичинен жалгыз мени киносынактан тандап алышкан. Ошол тасмада Гошар аттуу баш каармандын ролун жараткам. В. Федосеев, В. Дворжецкий, Г. Вицин, Олег Даль, шамандын ролун аткарган бийчи Махмуд Эсембаев, ушул чоң актёрлор менен тартылганыма сыймыктанам.

- "Мен Тянь- Шань"тасмасында  Кадичанын образын өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккыдай кылып өзгөртүп алгандай сезилесиз?

- Алгачкы "Ашуу" деген аталыштагы тасмада Кадичанын ролун Бакен эже аткарыптыр. Мага балалык көз-караш менен алып караганда, Бакен эженин деңгээлинде аткара аламбы деген ой келбептир. Мен режиссёр Ирина Ивановнага айттым да: "Менин каарманым Кадича деле өз бактысы үчүн күрөшүп атпайбы, ал дагы өз бактысын тапкысы келет да”- дедим. Дегеним Кадичаны терс каарман кылып көрсөткүм келген жок. Аны жеңил ойлуу аял катары эсептебейм. Себеби, ал да бактылуу болгусу келет. Турмушу болбой ажырашып кетсе да, Ильяска жолукканда, чыныгы аялзаттык бакытты сезди. Кантсе да, Ильяс Аселге Кадичадан кийин жолуккан да.

- Эгер ошондогу Ильяс, Асел, Кадичанын азыркы мезгилин тартабыз деп режиссёрлордон сунуш түшсө, аткарат белеңиздер?

- Кызык экен, андай сунуш түшсө, билбейм кандай кылабыз. Анда башкача ойнойт болушубуз керек. Ал убакта жаш болчубуз да, мен 22 жашымда күйөөдөн чыккан аялдын образын аткаргам. Азыр баштан эмнелер гана өтпөдү, 73 жашка келгичекти эмнелерди гана көрбөдүм. Азыр жашоого башкача көз карашта карап калдым.

- "Ак- Кемедеги" Бекейди аткарган Назира Мамбетова десе ишенген эмесмин. Чынын айтсам, ай чырайлуу актриса кантип аткарсын дечүмүн?

- Ар бир иштин түйшүгү бар, ошон үчүн оңой болбойт. Ар бир актёрдун өзүнүн ыкмасы бар. Режиссёр Болот Шамшиев мага Бекейдин ролун ишенип берип атабы, мен анын ишеничин акташым керек. Айтматов чыгарманын автору, Шамшиев тасманын автору, мен образдын автору болушум керек. Ошолор берген тапшырманы өтөсүнө чыгарып иштешим керек, бул оңойго турбайт. Асанкул Куттубаев, Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев-алар да өз учурунун корифейлери болгон. Алардын арасында Чоро, Айтурган үчөөбүз эле жүрбөдүкпү.

- Роза Аманованын "Ооган ыйы" клибинде эненин ролун маңызына жеткире ачып бергенсиз. Роза эже да кимге кайрылышты билгендей?

- Бул клип эки жолу тартылган, биринчисин Сагын Ниязалиева тарткан, экинчисин болсо үйрөнчүк балдар тарткан. Оогандагы каза болуп калган баланын энесинин күйүтү, жалпы ошондогу кан жутуп отуруп калган энелердин азабын ачып бериш менин милдетим болчу. Профессионал балдар болбогондон кийин, көп нерселерге өзүм айтып үйрөтүп жаттым. Клип даяр болгондо Роза мага чалып калды: "Ой, эже, жөнөкөй варианты эле элге тарап кетти, оригиналын көрсөңүз андан шумдук"- десе, мен: "Капырай, кандай тартылып калдым экен"- деп чоочудум. Көрсө, мени мыкты аткарыпсыз, - деп Роза ыраазычылыгын билдирип атыптыр.

- "Карагыз" тасмасында азыркы замандын кыйын- кезеңи чагылдырылган. Ушундай татаал тасмага кандайча тартылып калдыңыз?

- Бул тасма 1 саат 10 минуттук тасма болсо керек. Тасманын ачылышында көрүүчүлөр айткан: "Бул тасма аябай татаал, адам чыдап көрө алгыс тасма экен, өзүңөр кантип чыдап тартылдыңар"- деп сурашты. Эми кесибим актриса болгон соң, бардык жанрга даярбыз да. Режиссёрдун эмгеги абдан күчтүү болгон. Латвияда эл аралык кинофестивалда "Карагыз" тасмасы Гран- прини жеңип алган. Базар экономикасындагы оош- кыйыш заманды чагылдырган тасма болду да. Тасма тартылып бүткөн соң, элге көрсөтүүгө тыюу салынып, бир жыл текчеде жатты. Себеби, анда экс- президент Акаевдин доору болчу. "Карагыз" аттуу жаңы тасма чыкты деп, кандайдыр бир себептер менен интернетке тарап кеткен экен.  Ошол себептен, Латвиядагы фестивалга катышып калдык.

- Менин билишимче, Ош драма театрында да көп эмгектенгенсиз.

- Ошто 22 жыл иштедим. Дүйнөлүк, советтик, заманбап драматургияларда роль жаратканбыз. Ош драма театры союз убагында дүйнөгө атагы чыгып турган болчу. Москвага, декадага Айтматов, М.Гапаров, Б. Жакиевдин чыгармаларын таанытыш үчүн барганбыз.

- Чыгармачылыкта талыкпай эмгектенген аялзатынын жеке жашоосу кандай болду экен?

- Жеке жашоом татаал. Чыгармачылыкка баш-отум менен берилип, чуркап иштеп, бүт өмүрүмдү театрга, киного жумшап, өзүмдүн жеке жашоом тууралуу унутуп калыпмын. Азыркы заманда ар ким өзү менен өзү. Баары тең өз көмөчүнө күл тартып атпайбы. Бүт өмүрүмдү, жашоомду ушул театрга берген экем.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости