www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алмаз Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева күйөөсү абакта жатканда маршрутка күтүп, остановкада турган видеосун өзү жарыялап, акчасы, машинасы жок жөө калганын билдирди, биз ага боорубуз ооруган, анткени кечээ эле өлкөнүн биринчи ледиси болуп жүргөн аялды мынчалык, өзү арызданган бечара абалга түшүрүү эч кимге аброй алып келбейт», – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары Өмүрбек Суваналиев. Бул тууралуу Kyrgyztoday.kg жазды.
«Анан сот процессинде да Атамбаев да «мына, бийлик акча эсептерибизди жаап койду, аялым акчасы жок, карызга алып жашап жатат» деп арызданган.
Бирок 6-октябрдагы революциядан кийин абактан чыгарылган Алмазбек Атамбаев бошотулаары менен баасы миллион доллар турган брондолгон автоунаа сатып алып, минип чыкканы уят иш болду, 9-октябрда мына ошол брондолгон жаңы машинасына «Ала-Тоо» аянтында ок атылды.
Качып үйүнө жеткенде Атамбаев өзү машинанын ок тийген жерлерин көрсөтүп жатып: «бул «брондолгон машина, мен отурган тарапка атышты» деп айтып жатпайбы.
Аялын биринчи леди статусунан кийин маршрутка күттүрүп, унаасыз, акчасыз көчөдө калтырып, өзү болсо миллион доллардык брондолгон жаңы машина сатып алганы жигитчилик болбой калды. Эми булар аферисттер экен, аферисттерден сурак жок да», – деди генерал Суваналиев.
Булак: NazarNews.kg