www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жаңы шайланган президент Джо Байденди «жасалма президент» деп атап, штаттардагы добуш берүүнү үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерин шайлоо процедурасына салыштырды.
«Ооганстанда кызмат өтөгөн аскер адамы Афганистандагы шайлоо АКШдагы 2020-жылдагы шайлоого караганда алда канча коопсуз жана алда канча жакшы деп айтты.
Биздин миллиондор менен миллиондор... почта аркылуу келген бюллетендер үчүнчү дүйнөнүн шайлоосу болчу. Фейк президент», - деп жазган Трамп өзүнүн Twitterдеги баракчасына.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактагы президенттин билдирүүсүн почта аркылуу добуш берүү процедурасынын коопсуздугу жөнүндө билүүгө чакырылган шилтеме менен белгилеп койгон.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо АКШда 3-ноябрда өтүп, анда экс-вице-президент Джо Байден жеңип чыккан, бирок азыркыгы чейин Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай келет.
Бул арада Байдендин расмий түрдө 6-январда Конгресс тарабынан жарыяланып, инаугурациясы 20-январга пландаштырылган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg