www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-декабрда Екатеринбург-Бишкек авиакаттамы менен республиканын саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлеринин муктаждыктарына арналган медициналык буюм түрүндөгү гуманитардык жүк келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жардамды Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, кыргыз диаспораларынын бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен биргеликте чогултушкан.

Каражат чогултуу иш-чарасына Россиянын Свердлов облусунун борборунда жашаган мекендештердин ичинен жеке ишкерлер, медициналык кызматкерлер жана жарандар катышты. Челябинск облусунун Магнитогорск шаарында жүргөн кыргызтандыктар дагы ѳздѳрүнүн салымын кошту.

Чогултулган каражатка медициналык буюмдарды – медициналык кызматкерлер үчүн иштелип чыккан халаттар, респираторлор, кол каптар жана медициналык маскаларды камтыган жеке коргонуу каражаттары сатып алынды. Бардык өнүмдөрдүн тиешелүү сапат сертификаттары бар.

Башкы консулдук Кыргызстандын медициналык мекемелерине үзгүлтүксүз жардам көрсөткөн мекендештерге, ошондой эле жүктү акысыз жеткирген Урал авиакомпаниясына чын дилинен ыраазычылык билдирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости