www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ал дарыланган ооруканадан кабарлашты.
"Боронов үч күн мурда стационардан кеткен. Абалы канааттандырарлык. Жалпысынан ооруканада 10 күндөй жатты. Эми эки жума үй карантининде болот", — деп билдиришти.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчынын коронавирус жуктуруп ооруканада жатканы тууралуу маалымат 3-декабрда айтыла баштаган. Кийинчерээк жардамчысы ал жандандыруу бөлүмүндө экенин, бирок абалы туруктуу деп саналарын билдирген.
Мурда вице-премьерлик кызматын аркалаган Боронов Өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен.
Булак: NazarNews.kg