www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ошто таштанды ыргыткандарды уяткаруу ыкмасын табышты

Ош шаарындагы таштанды контейнерлеринин жанына видеокөзөмөл камералары орнотула баштады. Бул туурасында "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Камералар алгач пилоттук долбоор катары 20 жерге коюлду. Алар негизинен таштандыны контейнерге салбай жерге ыргытып, курулуштан чыккан калдыктарды таштап кете берген аймактарга коюлганы айтылды.

"Камералар күнү-түнү иштеп, белгиленбеген жерге таштанды төккөн жарандардын жүзүн, унаасын кошо жаздырып алат. Анын негизинде айып пул салынат. Ал эми уяткаруу максатында жүзүн коомчулукка жарыялоо маселесинин мыйзамдуулук жагы каралууда. Мындай камераларды коюунун максаты — шаардын тазалыгына кайдыгер караган жарандар менен күрөшүү", — деп айтылат маалыматта.

"Ош-Тазалык" таштандыны чар-жайыт ыргыткандардын айынан шаар булганып, экинчи жагынан курулуш калдыктарын жүктөгөн техникалар бузулуп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости