www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттипн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келерин күтүп жаткандыгын айтты.

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары олуттуу, бирок ишке аша элек потенциалга ээ экономикалык кызматташтыкты диверсификациялоону атады. Кырдаалды оңдоп кетүү үчүн мамлекет башчысы 2021-жылы өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруу, ошондой эле өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен эки өлкө ортосундагы соода- экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылды.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров азербайжан тарапка эки долбоорду — Бишкек шаарындагы Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Азербайжан башчысынын Кыргызстанга боло турган алдыдагы иш сапарына карата аталган курулуштар аяктаарын кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров «Баку-Бишкек» түз аба каттамын калыбына келтирүү маселесине токтолуп, бул маселенин оң жагына чечүүнү караштырып, тездетүүнү сунуш кылды.

Элчи Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Садыр Жапаровго жолдогон саламын айтып, анын жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдейт деген бекем ишенимин билдирди.

Ошондой эле ал Азербайжан тараптын Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартууга даяр экендигин маалымдап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонула элек чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Гидаят Оруджев Азербайжандын Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан реформалар саясатын колдой тургандыгын баса белгилеп, өз мамлекетинин жетекчилигинин атынан мамлекет башчысын Азербайжанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Садыр Жапаров дагы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге саламын жолдоп, Гидаят Оруджевдин дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости