www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино кыйноо
Кыргыз киносу кандай болгон күндө да улам-улам өнүгүү жолунда. Себеби, жаштардын кызыгуусун арттырган тасмалар байма-байма жаралууда. Арасында тасманын өтүмдүүлүгүнө эмес, түбөлүктүүлүгүнө бел байлагандар бар. Мына ошол түбөлүктүү тасма жаратуучулардын жолун улай, «Мезгил жана Алыкул» тасмасын тарткан Айдай айым кино тармагында кыргыз аял режиссёрлордун орду туурасында кеп кылды.
- "Апорт" даректүү тасмасында эмнелерди айткыӊыз келди?
- Бул тасма Казакстандын Алматы шаарында тартылды. Тасмадагы айтыла турган ой, дүйнө жүзүндөгү глобалдуу көйгөйлөрдүн бири. Тасманын кыскача синопсисин айта кетейин, аял көчөдө ташталган таштандыларды чогултуп, аларды сатып акча кылып, үй -бүлөсүн багат.
Ошону менен бирге коомго опол -тоодой пайда келтирип атат. Билинбегени менен, менин каарманымдын коомдо орду абдан чоӊ. Мен " Апорт " тасмасы аркылуу мына ушул ойду айткым келди.
- Өз эмгегиӊиз менен кинофестивалга катыштыӊызбы?
- Бул тасма Эрнест Абдыжапаров жылына уюштурган кинофестивалда ГРАН ПРИни жеӊип алды. Эми даректүү тасмада өзүм оператор, өзүм режиссер болдум. Эки жума бою, жайдын ысык күнүндө, каармандарым жүргөн жерлерди басып, кыйынчылыктар болбой койгон жок.
Ойномо фильм менен даректүү фильмдин айырмасы бар эмеспи. Ошондуктан, каармандарым жашоодо кандай болсо, дал ошондой каармандарымдын портретин берүүгө аракет кылдым.
- Бизде да көйгөйлөр көп го…
- Туура, бизде Миграция, коррупция, педофилдиндердин кордугу, суицид, таштанды балдар, кароосуз карылар сыяктуу көйгөйлөр абдан көп. Маселен Кыргызстанда статистикалык маалыматтарга караганда жылына орточо эсеп менен 120 өспүрүм өз жандарын кыйышат экен.
Мен ушул суицид көйгөйү тууралуу да, жаш өспүрүмдөргө сабак боло турган тасма тартам деген кыялым бар.
- Кантсе да, режиссёрдук кесипти тереӊдетиш керек эмеспи…
- Ооба, Темир Бирназаровдун «Мастер классында окуп бүттүм. Темир агай ар бир сабагында патриот болгула, коомубуз абдан бузулду. Ар бир тарткан тасманар коомду агартууа, тазартууга багытталыш керек " деп көп айтат.
Ошондуктан, тарткан тасмаларым аркылуу мен аз да болсо кыргыз элиме пайда келтирсем деген ойдомун.
- Бизде аял режиссерлордун кинофоруму салтка айланып калды, кинофорумдун максаты эмнеде болду деп ойлойсуз?
- Кинофорумдун максаты-кинофестивалдардан байгелерди алган аял режиссерлор тарткан мыкты тасмаларды көрсөтүү, талкуулоо, ой-пикир алышуу болду. Ар бир тасмада айтылган ойлор көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.
Ушундай автордук тасмалардын да өз күйөрмандары бар, ошондуктан кинофестивалдардан гана көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон мыкты тасмаларды, мына ушундай кинофорумда да көрүүгө "Чыгармачыл айымдарды колдоо фонду" шарт түзүп берди. Ушундай автордук тасмаларды көрсөткөн форумдардын болгону абдан жакшы көрүнүш.
- Кандай тасмаларды көрөсүз, баалайсыз?
- Жеӊил-желпи тасмаларды көрбөйм. Акыркы учурларда тартылган кыргыз тасмаларынан " Атанын керээзи", "Сүтак", "Көч", "Кумар" тасмалары мен тамшанган тасмалар. Устатым Темир Бирназаровдун автордук тасмалардын кинотизмегиндеги жүздөн ашуун тасмаларды көрүп чыктым, дагы көрүп жатам.
Дүйнөлүк кинодо көбүнчө иран режиссерлорунун автордук тасмалары адамзатты адамгерчиликке үндөгөнү менен мага жагат.
- Ийгиликтин сыры эмнеде?
- Эӊ ириде адамдын ийгилиги жасаган иштеринде. Эгерде сен башка бирөөнүн ийгилигине сүйүнө билсеӊ, анда ийгилик дагы сен тарапка карап жылмаят.
- Максатка жеттим дегиче, жашооӊдун да токтошу-бул чындык дешет. Алдыга койгон максаттар…
- Менимче адам баласында максат чексиз болуу керек. Максат менен жашоо бул алдыга умтулуунун, дүйнөнү өгөртүүнүн куралы десек да болот. Максаттар бар, жашоо уланууда.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg