www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо Элвира Сурабалдиева менен чогу түшкөн сүрөтү тууралуу Рыскелди Момбеков түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ошол окуядан кийин бири-биринен качып калышкан.

«Парламенттик шайлоодогу партиянын үгүт иштерин ырымдап Манастын кичи мекени болгон Талас облусунан баштоону туура көрдүк.

Манастын күмбөзүнө куран окуганы барганда Элвира Жыргалбековна менин жаныма отуруп калыптыр, бирок мен аны байкаган деле эмесмин. Үгүт иштеринде Наталия Никитенко, Жибек Шарапова жана Элвира Сурабалдиева менен кошо 3 айым болуп, чогуу жүрдүк.

Бир маалда эле Сурабалдиева экөөбүздүн сүрөтүбүздү «үйлөндү» деп чыгарып жиберишиптир, аны мага «бизди үйлөнтүп салышыптыр» деп биринчи Элвира өзү көргөздү. Көргөндө эле баарыбыз каткырып күлдүк.

Анан кечинде биздин айылда, Шекерде болдук. Келинчегиме сүрөттү көрсөтүп, сен бул жакта тамак жасап жүрөсүң, тигил жакта бизди үйлөндүрүп коюптур деп тамашаладым. Бул эми күлүп коё турган эле нерсе.

Маалым болгондой эле, биз Элвира Жыргалбековна экөөбүз бир фракциянын мүчөсүбүз. Кесиптешпиз, сый мамилебиз бар. Азыр бири-бирибизден качып калдык», – дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости