www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Садыр Жапаров жаңы подстанциянын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ «Алтын Казык» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен таанышты.

Иш-чара катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы энергетиктерди кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктады.

«Энергетика – мамлекеттин бүткүл экономикасы үчүн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон тармак. Ар бириңиздер ушул тутумдун ишенимдүү жана туруктуу иштешине чоң салым кошуп жатасыздар»,- деген президент соңку мезгилде бул чөйрөдө түзүлгөн кыйын кырдаал талыкпаган эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз парзына чындап берилгендикти талап кыларын кошумчалады.

«Алдыңарда элибизди жарык жана жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттер турат. Ак дилден эмгектенип, көп жылдар бою топтолгон тажрыйбаңыздар аркылуу элибиздин ишеничин актайсыздар деген ойдомун», - деп кайрылды Садыр Жапаров энергетиктерге.

Президент 110/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Алтын Казык» жаңы көмөк чордонду пайдаланууга берүү Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объекттерди электр кубаты менен камсыздоо сапатын жакшыртарын белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мамлекет аталган аймактарда отурукташкан жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн алгылыктуу иштерди аткарып жаткангын айтты. Тагыраак айтканда, борборго жанаша жайгашкан жаңы конуштардагы турак жай документтерин мыйзамдаштырып берүү жана алардын инфратүзүмүн ыңгайлаштыруу маселелери жандуу чечилип баштады.

Мамлекет башчысы ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде «Жер Ынтымагы» конушундагы 69,0 гектарды ээлеген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жаатында Бишкек мэриясы «Кадастр» муниципалдык ишканасы менен биргеликте техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп баштаганын айтып берди. Атайын жумушчу комиссия мобилдүү топтор түзүлүп, жеринде иш алпарууда.

Мамлекет башчысы Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштардагы инфраструктураны жакшыртууга жана электр жарыгына байланыштуу көйгөйүн чечүүгө убакыт келгенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости