www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир бала үчүн энесинин карааны эле баа жеткис байлык. Сай-сөөгүн сыздатып тогуз ай курсагына батырып, андан соң ааламды белек кылганы үчүн, тамак жегенден тарта тамга таанытканга чейинки эмгеги үчүн, коомго аралаштырып эл катарына кошкондугу үчүн, эң негизгиси «адам» деген атка татыктуу кылганы үчүн энелерибизге түбөлүк башыбызды ийип, Меккеге жөө көтөрүп барып келсек дагы бир күндүк мээнети менен бир тамчы ак сүтүн актай албасыбыз чындык. Алдыда асылым апамдын жаркын элесин эскерүүгө көзүмө жаш алып бел байлап турам.
Апам жөнүндө алты ооз сөз
—Апакем, касиеттүү Кочкор өрөөнүнүн, Кум-Дөбө айылында 1940-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Балалыгы абдан татаал учурга тактап айтканда согуш маалына туш келгендиктен, эл көргөн кыйын күндөрдү баштан кечиргенин айтып калчу. Апамды айылдаштардын баары Турду деп таанышат. Азан чакырылып коюлган ысымы Акмат кызы Турганбүбү. Айтымында көп бир тууганы кичинесинен чарчап кала бергендиктен, ата-энеси амандыгына шүгүр кылышып ысымын Турганбүбү атап коюшуптур. Чоң энесин колунда чоңойгонун, сөөк жаңыртуу салтын карманышып ата-энелерибиз атаң экөөбүздү кудалап баш коштурушкан деп жаш кезин эскерип калмай жайы бар эле.
Апама өмүр бою ыраазымын…
—Атам жөнүндө учкай кеп кыла кетейин. Мындан 25 жыл мурда мен кичине кезимде бул жалган менен кош айтышып кеткен. Айыл ичинде кадыр-баркы жогору, алдында кызматы бар, жөнөкөй, элге жугумдуу инсан болгон деп замандаштары айтып жүрүшөт. Атамдын кайтыш болушу апам үчүн жеңил болгон жок деңизчи, бирок кабагым-кашым дебестен адал эмгекке маңдай терин төгүп, баарыбызды эрезеге жеткирди. Эч нерседен өксүк кылган жок. Бул үчүн апама өмүр бою ыраазычылык айтып өтсөк дагы жарашат.
Менин апам кичинекей Тентек Сары болгон…
—Апакем, «Кичине кезимде өтө шок кыз элем, айылдагылар текши Тентек Сары деп эркелетип койчу. Атаңар ошол учурда эле экономдоп жашаганды билчү. Экөбүз жаңы таанышкан күнү эки лимонад алып, бошогон шишелерин өткөрүп коржик алып берген» — деп күлүп эскерип жүрдү.
Атам менен баш кошуп, 13 уул-кызды жарык дүйнөгө алып келген. Тилекке каршы экөө ымыркай кезинде чарчап калып он бирөөбүз калганбыз. Мен 40 жашында көргөн уулдарынын кенжесимин. Бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, атабыздын жоктугун билгизбей чоңойтуп эл катарына кошту. Уулдарынын кичүүсү болгонум үчүнбү мага өзгөчө боор тартып, мен дагы апама ынак болуп чоңойдум. Кийимдин жаңысын, таттуунун жакшысын катып коюп, мага гана берээр эле. Көр турмуштун түйшүктөрү ойго салганда апамдын бубак баскан буурул чачтары, кучагына бек кыскан сүртүмдөр көз алдыма тартылат.
Апамдын атама болгон сүйүүсү чексиз болчу…
Илгерки кишилердин мыкты сапаттарын сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Бир эле мисал катары апамдын атама болгон сүйүүсү түбөлүктүү экенин жакшы билчүмүн. Жаштайынан жесир калса дагы турмушка чыгууну ойлонуштурбай, балдарынын түйшүгүн тартып, ал ортодо атамдын арбагына жалынып, маал-маалы менен кобуранып «отчетун» берип, бирге өткөн бактылуу күндөрүн эске салып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин куран окуп жүрүп өттү.
Бир жеңем апамдын бөлмөсүнө кирип барса, атамдын сүрөтүнө жалбарып: «Жыйырма жыл ичинде керээзиңди аткардым, балдарыңды бутуна тургузуп, үйлөнтүп жайлантып, кыздарыңды турмушка узаттым. Эми жаныңа барайын» — деп кобуранып жаткан экен. Ошондон көп өтпөй эле бул дүйнө менен кош айтышып атамдын жанына кете берди.
Айылдын Курманжан Даткасы…
Апамдын калыстыгы биздин жашоодон өз ордубузду табышыбызга түздөн түз себепкер болду. Улуу-кичүү, бай-кедей дебестен баарына бирдей мамиле жасап, чектен ашып баратсаң сөз менен ордуңа коюп койчу. Биздин алты саныбыздын амандыгына топук кылып, байке-эжелеримдин турмуштан орун-очок алганын сүйүнүү менен кабыл алчу. Менин ар бир ийгилигиме кудуңдап кубанып жүрдү. Мен дагы ийгиликтеримдин баарын апакеме арнадым…
Кичинемде раматылык атамдын бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткенин ойлосом же аталуу балдарды көргөндө жетимсирөө сезими пайда болоор эле. Барган сайын акыл-эс толуп, жашоого шүгүрчүлүк менен карап калат экенсиң. Улуу бир туугандарым аз да болсо ата тарбиясын көрүп, насаатын укканга үлгүрүштү. Бирок, кичүү карындашым экөөбүз эми эс тарткан учурда атабыздан айрылганбыз. Ошол күндөн тарта апам бизге ата дагы, апа дагы болуп берди. Мендеги ак көңүл, жумшактык мүнөз дагы апа тарбиясынан улам болгондур. Аталуулардан кем калышпаган бардар жашоодо чоңойдук. Баарыбыз журт кылгандай жыйын, жумулган колдой уюм болуп ынтымактуу болуп өстүк. Бирибиз дагы тетир жолго басып, арам оокаттын даамын таткан жокпуз. Абдан кыраакы, эл ичинде кадыр-баркы жогору аял болгондуктан айылдаштар Курманжан Датка деп коюшаар эле.
«Балалыкка кетеличи апаке…»
—Учурунда баркы билинбегени менен таң эрте туруп, кезүүгө мал кошкон саамдар, апам даярдаган сүт чай, жаңы бышкан ысык нан, тартылган каймак, майы дүйнөдөгү эң таттуу даамдар, апам болсо эң ыйык зат экен.
Бүгүнкү күндө айылдын көркү, шааниси башкача. Дегеним үйлөр шаардагыдай тумчуланып, көчөөдөн ийик ийриген кемпирлерди, жүн сабап, кийиз жасаган келин кесекти көрүү мүмкүн эмес. Небере өңөрүп, ат минген аксакалдардын да катары суюлган. Мындан улам айылга болгон ар бир сапарымда карыларды жоктоп келчү болдум.
Апамдан айрылып калуу абдан оор болду
—Апам өмүрүнүн акыркы жылдары оору менен катуу кармашты. Биз дагы аман-эсен сакайтып алуунун айласын издеп, болгон аракетибизди жумшадык. Ажал деген нерсе улук экен, беш жыл мурда арабыздан алып кетти. Апамды жоготуп алгандан кийин кыйналып жүрдүм. Бассам-турсам элеси тартылып, башкалардын энесин көргөндө көзүмө жаш алып жүрдүм.
Бирок…
Апамды жерге бергенден кийин өзүмдү колго алып, буга чейинки баскан жолумду түрмөктөп жатып, бир окуяны эсиме салдым. Ал учурда мен өтө эле жаш, чоң турмуштун шарданына аралашалек учурум болсо керек. Бир күнү апаң авто кырсыка кабылыптыр, өлүм алдында жатат деген кабар келди. Көзүмдүн жашын көлдөтүп шаар четиндеги жаңы конуштардын биринен апалап өкүрүп, жаратканга жалбарып апамдан ажырата көрбө, жок дегенде он жыл өмүр бере көр, аз да болсо үмүтүн актап алайын деп сурангам. Кудайга тилегим жетип апамды ажалдын оозунан сууруп алдык.
Эгер ошол учурда апамдан ажырап калсам мен үчүн абдан эле оор болмок. Аз да болсо төрүмө олтуруп, келинчегим экөбүздүн чайыбызды ичип, уул-кызыма ат коюп 72 жашында баарыбызга ыраазычылыгын айтып кете берди. Апаке, атам экөөңүздөр ар дайым жүрөгүмдөсүздөр.
Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко болсун!