www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл күздө 15-октябрда өтө турган президенттик жарышка катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынан билдиришти. “Өмүрбек Текебаев соттолгон эмес, шайлоого катышууга толук укугу бар. Анын камакка алынганына карабастан, шайлоого катышуу боюнча арызын жазды. Учурда тиешелүү документтер өткөрүлүп, БШК документтерди кабыл алганы боюнча аныктама берди. Эми мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде Текебаевди каттоо маселесин БШК чечиши керек”, - деп айтылат катчылыктын билдирүүсүндө. Оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышары март айында айтылган. Текебаев Борбордук шайлоо комиссиясына кечээ, 17-июнь күнү арыз жазганы белгилүү болду.

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"

Последние новости