www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шейшемби күнү Австралиянын Мельбурн шаарында мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы Мария Шарапова германиялык Лаура Зигмунд менен көргөзмө матчты өткөргөн.
Оюндун 1-бөлүмүндө 7:4 эсеби менен Мария өйдө келип жаткан. Экинчи бөлүгүндө 5:5 эсеби менен оюн токтотулду.
When they tow your car and it’s 91 degrees in the parking lot🤯🥵😂 pic.twitter.com/MLfND43eeI
— Maria Sharapova (@MariaSharapova) January 14, 2020
Бул тууралуу теннисчи Твиттердеги баракчасына жазып чыккан.
Спортчулар кортто 2 саат 38 мүнөт өткөрүшүп, түтүндүн айынан оюнду эки тараптуу токтотуу чечимине келишкен.
Мария Шарапова: “Экинчи бөлүм аяктай баштаганда катуу жөтөлө баштадым. Алгач жөтөл менин жакын арада сыркоолоп калгандыгымдан улам деп ойлогом. Бирок ушундай эле даттанууну атаандашыман да уктум”,-деп билдирген.
Эскерте кетсек, Авсралиядагы кырсыктан 30га чукул киши каза болуп, миллиарддан ашуун жаныбарлар өлгөн. Бак-дарактар күйүп, жалындаган өрттүн аянты барган сайын чоңоюуда.
Дүйнө коомчулугу бул көйгөйгө кайдыгер карабай ар ким колдон келген жардамын сунуш кылышууда. Австралия өкмөтү тилсиз жоо менен күрөшүүгө миллиарддаган долларларды сарпташкандыгын айтууда.
Булак:Nazarnews.kg