www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15- январда  Баткен облусунда да чек арадагы кырдаал боюнча митинг болуп жаткан. Бирок, милиция митинг үчүн берилген убакыт бүткөнүн айтып,  элди таркатты.

Митингдин катышуучулары чек арадагы кырдаалга кабатырлыгын билдиришип, бийликтен Көк-Таш айылында кармалган тургундарын бошотуу талабын коюшту.
Тактап айтканда,  Нурбек Сапарбаев, Усен Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаевдерди бошотууну талап кылышууда.

"Нааразычылык акциясына чыккандар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун маалыматын угууну талап кылышкан, бирок Мадумаров чыккан эмес.  Анын ордуна орун басары Кеңеш Салиховду жиберген, ал элдин нааразычылыгын жетекчиликке жеткирээрин билдирген. 

Мындан сырткары, 16-январда Бактен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөрү белгилүү болду. 

Ал эми кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер каралары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости