www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдавиянын мурдагы чиновниги, учурдагы олигархы Владимир Плахотнюк АКШнын санкциялык тизмесине киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого шилтеме кылып жазып чыгышты. Вашингтондо Плахотнюктун ишмердүүлүгү чоң өлчөмдөгү коррупция менен байланышы бар экендигин аныкташкан. Помпеонун баамында, олигархтын иши Молдавиядагы демократиялык институттардын көз карандысыздыгына доо келтирген.

Санкциялык тизмеге кирүү менен Владимир Плахотнюк жана анын жакындарына мындан ары американын аймагына кирүүгө тыюу салынат жана виза берилбейт. Бул адамдын ысымы Кыргызстанда дагы белгилүү. 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин басма-сөз кызматы расмий түрдө маалымат тараткан. Анда, Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарына бара тургандыгы айтылган. Бирок, Санкт-Петербургдан мурда расмий эмес сапары менен Молдавия Республикасына бет алган. Ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков президенттин Молдавияга болгон расмий эмес сапарын “Өлкө башчысы ал жерге өлкө кызыкчылыгы үчүн кетти”, - деп айткандыгы бар.

Бул маалда молдавиялык журналисттер Алмазбек Атамбаев Кишиневго Nobil Air компаниясына таандык Embraer Legacy 650 учагы менен келгендигин жазып, ал учакка учурда АКШнын санкциялык тизмесине кирип отурган олигарх Владимир Плахотнюк ээлик кыла тургандыгын маалымдашкан. Ошол эле молдавиялык басылмалардын маалыматы боюнча анда президент Атамбаев менен Плахотнюк 4 саат сүйлөшүшкөн. Анда башка жолугушуу болгон эмес.

Владимир Плахотнюк – Молдавиянын демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы. Парламенттин депутаты болгон. Ал Молдавиянын эң бай адамдарынын катарына кирген. 2019-жылы анын ысымын Молдавиянын тарыхында банктардан эң ири суммадагы каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүү менен байланыштырышат. Учурда Молдавия жана Россияда бир катар кылмышкарга шектүү экендиги айтылууда.  

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости