www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Эл артисти Александр Серов Москванын четиндеги кафелердин бириндеги мушташта анын бутунан ок атып кетишкенин айтты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Серов достору менен ичип отурган. Алар менен жанында столдо отургандардын ортосунда конфликт чыгып кеткен.

“Уруш башталды. Мындайча айтканда эркекче сүйлөшөлү деп көчөгө чыктык. Бирок, сүйлөшө алган жокбуз. Себеби алардын бирөөсүндө пистолет бар экен. Ал менин бутума атып салды”,-деп Серов айтып берди.

Ырчы ооруканага жеткирилип, ал жактан окту чыгарышкан. “Окту алып чыгышты. Бирок азыр бир аз аксап атам”-дейт ырчы.

Ырчы азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргөнүн жана полицияга кабарлабагандыгын кошумчалады.

68 жаштагы Александр Серов “Ты меня любишь”, “Как быть”, “Мадонна”, “Я люблю тебя до слез” жана “Звездопад ырларын аткарган. Россиянын Эл артисти наамын 2004-жылы алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости