www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүкөнчүнүн кекиртегине бычак такаган жигиттин алганы бир сыр. Бирок, эми ал кылыгы үчүн мыйзам чегинде жазага тартыла турганы анык болду. Бул тууралуу орус маалымат булактарында баяндалат.

Айтылгандарга караганда, окуя кече, 14-январда болжол менен саат 14:20да Башкортостандын Нефтекамск шаарында катталган. Анда, 30-35 жаштардагы жигит дүкөндөн сыр уурдап алган. Бирок анысын байкап калган кассир айым дүкөндүн эшигин бекиттирип, полицияга чалганга дагы үлгүргөн.  

Анткен менен ууру дагы жөнөкөй чыккан эмес. Чөнтөгүнөн алып чыккан бычагын айымдын кекиртегине такап, кетүү үчүн жол берүүнү талап кылган. Жыйынтыгында сыр уурдаган жигит дүкөндөн олжолуу чыкканы менен патрулдун колуна түшүп калган. Учурда ага “Адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, кол салуу” беренеси менен иш козголгону айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости