www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын интернет колдонуучусу ракеталардын учуп чыгып, учакка  тийип жаткан учурдагы видеосун 14-январь түнү чыгарган. Андагы кадрларды New York Times гезити жарыялады.

Бул боюнча Ирандын бийлиги эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бирок Fars агенттигине таянуу менен Reuters Ислам революциясын колдоочулар корпусу видеону чыгарган адамды кармап кеткенин жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле күйүп  кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

 

Иран учакты кокустан атып алган

Иран муну "адамдын жаңылыштыгынын айынан кокусунан, учак атып түшүрүлгөн” деп мойнуна алган. Башкы штабнын билдирүүсүндө, учак Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскердик объектисинин жанынан учуп бара жатканда атып алышкан.

 Владимир Зеленскийдин жообу

Украина президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган Boeing учагы боюнча Ирандын билдирүүсүнө жооп берген.

"Украина Ирандан толугу менен күнөөнү мойнуна алышын күтөт. Ошондой эле, расмий түрдө кечирим сурап, күнөөлүүлөр жазасын алып, компенсация төлөп беришин талап кылат", — деген Зеленский.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости