www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата залкар акынды бүгүн, 5-май туугандары, кесиптештери жана шакирттери эскеришти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, Эстебес Турсуналиевдин басып өткөн жолу тууралуу эскерип өттү.

Эстебес Турсуналиевдин чыгармалары 1950-жылдан баштап басма сөздө жарык көрө баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Акындын үнү" деген ат менен 1960-жылы басылып чыккан. Ал аткарган "Жинди суу" менен "Кыз-жигит" термелерин, өзү чыгарган "Акишим", "Анделек" сыяктуу ырларын ар бир кыргыз сүйүп уккан.

Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган. Көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости