www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы сот департаментинин башчысына пара берүү фактысы менен Э.Р.А аттуу жеке ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам сатылып алынган товарларга (авто тетиктерге) жогорулатылган бааларды жашыруу жана автоунааларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү максатында, Талас шаарынын сот департаментинин башчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча сунуш кылгандыгы аныкталган.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүгү менен (пара берүү) реестерге катталды.

Кармалган адам Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости