www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Театрдын бир күнкү иш-чарадан кийинки көрүнүшү

7-март күнү концертке келген шаар тургундары театрды адам көрсө ишенгис абалда калтырган. Бул тууралуу А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков билдирди.

«Эмне дешимди да билбей турам. Бул көрүнүшкө экинчи жолу күбө болдум жана жазбай коюуга чыдамым жол бербеди.

Айланайын Баткендик бурадарлар, бул эмне кылганыңар? Биз силерге кандай жамандык жасадык да, неге мындай мамиле жасап жатасыңар?

Баткен театрында дээрлик баардык маданий иш-чаралар өтүп келет. Баткен шаарында жападан жалгыз көзгө басаар маданий ордо дал ушул театр. Аталган театрда биз иштегенибиз эле болбосо бул театр элдики, түз айтканда сиздердики, жалпак тил менен айтканда Баткендиктердики. Баарыбыз аяр мамиле жасап, таза-тыкан кармасак өзүбүздүн эле абийир го. Ар бир спектакль же концерт болгондо ушинтип жеп-иччү нерселерди алып киргиле, ойдогудай эс алгыла. Бирок, отурган жериңизге таштап кетүү одоно орой мамиле эмеспи?! Өзүңүздөрдүн маданият үйүңүздөргө өгөйдөй мамиле жасоо туурабы? Же өз үйүңөрдө да ушинтип отурасыңарбы?! Ала келген ошол нерселерди кайра пакетке салып сыртта турган урнага таштап коюу ошончолук оорбу? Эми мындай көрүнүш качанкыга чейин уланат билбейм. Өтүнүч, маданий ордоңуздарга анчейин орой болбоңуздар?», - деп белгилеген ал.

Маалыматка ылайык, 6-7-март күндөрү жеке артисттерге ижарага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости