www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты «З.Т.З.» (Зулпукаров Төрөбай Закирович) тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды.
Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.
Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.
Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg