www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары, ИИМ кызматкерлери жана чет элдиктер бар. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды
УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн тергөөнүн натыйжасында, С. Д. аттуу түркиялык ишкерди уурдоону өзүнүн эле А.Б. аттуу досу жана бизнес өнөктөшү уюштурганы аныкталган.
"С.Д. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген. Аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар А.Б. аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди коё беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми уурдоону уюштурган А.Б. аттуу өнөктөшүн барымтага алып калгандай түр көрсөтүшкөн.
Бул кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициянын "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg