www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Ош шаарынын айрым аймактарында жылуулук берүү күнүнө 2 сааттан токтотулуп жатканы кабарланган.

Айым сайттарда бул маалымат жарыяланып, бирок ал кабардын ичинде жылуулук эмес, электр энергиясы өчүрүлүп жатканы тууралуу жазылып калган.

Мындан улам “Ош Электро” ААКсы бул кабар жалган экенин билдирет. Мекеменин маалымат кызматынын жетекчиси Нурилич Токонбаев билдиргендей, калаада электр энергиясынын өчүрүү планда жок экенин айтат.

“Жылуулуккамсыздоо” ишканасы Ош шаарын жылуулук менен камсыздоочу мекеме. Анын негизги милдети жергиликтүү отканаларда жылуулукту иштеп чыгып, керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен камсыздоо болуп саналат. Алардын Ош шаарынын электр менен камсыздоо тармагына эч кандай тиешеси жок”,-деди Токонбаев.

Буларга кошумчалап, шаарда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу гана утурумдук өчүрүүлөр болбосо, электр энергиясын себепсиз өчүрүү таптакыр катталбаганын, эгер авариялык абал болсо, 24 саат бою кызматта турган ыкчам бригада жерине барып, оңдоп жатышканын айтат.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында жылуулук берүү күнүнө 2 сааттан токтотулуп жатканы тууралуу маалымат жарыялангандан кийин айрым тургундар ага нааразычылык билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости