www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы уруксат берген документтери жок туруп көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушу жүргүзүлгөн коррупциялык схеманы тапты. Бул тууралуу Tazabek басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар аныкталган объектилер «Elite House» («Элит Хаус») курулуш компаниясына тиешелүү.

Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, «Elite House» ЖЧКнын жетекчиси — Нармедов Руслан Нармеджанович. Түзүүчүлөр — Нармедова Шахинура Нармеджановна, Файзиев Тимур Азаматович.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/38/1097738.45ca5d9fa89e8348afbd69d3a21d70c7.jpg

Компания 2018-жылдын 4-сентябрында каттоодон өткөн.

Сөз болуп жаткан объектилер:

«Эл Классик»

«Эл Классик» объектиси Чуйков менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Имарат 12 кабаттан туруп, 4500 кв.м. аянтты ээлейт.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/39/1097739.57351f6628018455a8ed42bc16659076.jpg

«Эл Классик +»

Объект Чуйков менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 12 кабаттан турат.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/53/1097753.74b9b392674cca2e1accd153e15eb97f.jpg

https://st-0.akipress.org/st_gallery/54/1097754.7ee55f4f72322d1cdd2b5eb450ceb583.jpg

«Континенталь»

Имарат Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Компаниянын маалыматы боюнча, бул имарат 13 кабаттуу болуп курулуп, 6 миң кв.м. аянтты ээлейт.

https://st-0.akipress.org/st_gallery/52/1097752.d866cdfa0c8b7df23a0da991070f9c12.jpg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости