www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгы товарларды чек арадан контрабанда жолу менен алып өтүү факты боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Түштүк-батыш бажысындагы «Достук» бажы постунун кызматкерин кармады.

«2020-жылы декабрь айында Ош шаарында Каржы полициясынын кызматкерлери ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында «ДАФ» жүк ташуучу унаасын кармашкан. Аны «Достук» бажы постунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагына тийиштүү документтерин толтурбай жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөй өткөрүшкөн. Анын кесепетинен мамлекеттин бюджетине 700 миң сом өлчөмүндөгү тийиштүү төлөмдөр түшпөй калган.

Ушул жылдын 21-январында аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Достук» бажы постунун жооптуу кызматкери А.Р. кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 700 миң сом өлчөмүндөгү келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости