www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Жолдошбаев:

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаарындагы “Таксим” кафесин иштеткен, түрк ишкери Али Ифлазоглунун кайрылуусу боюнча өзүнүн пикирин “NazarNews.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, ал түрк ишкери Ифлазоглуну тааныбайт.

--“Бишкек шаарындагы “Таксим” кафесин иштеткен, түрк ишкери Али Ифлазоглу менен эч кандай тааныштыгым жок. “Мени өмүрүмө корунуч жаратып, балдарына коркуттуруп жатат” дегени калп. Аны тааныбасам кандай ал экөөбүздүн ортобузда сөз болсун. Мен ага түшүнбөй жатам. Бул түрк ишкери “депутат Алмазбек Акматовду коркутуп жатат” деп чыккан. Ошого алмаштырып алдыбы деп ойлоп жатам. Азырынча бул адамга жолуга элекмин. Ал айтып жаткан кафенин жанында  мамлекеттик Октябрь кинотеатры жайгашкан. Ошол жерге мен кантип бизнес центр ачам? Ал жерге мен имарат курайын деген планымдагы жок. Баарыбызга белгилүү болгондой ал жак биринчиден ыңгайсыз, экинчиден мамлекеттик кинотеатр турат. Аны эч жака жылдыра албайсың. Бул каралоонун артында кимдир бирөөлөр бар. Себеби жакында менин ысымымды көчөгө берилгени  боюнча сүрөт чыгып, социалдык тармактарда талкуу жараткан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештеги иш бөлмөм алмашкан. Ошондон улам көрө албастар ич күйдүлүк кылып бул адамды чыгарып жатышат. Мен дагы бир жолу коомчулукка жана мени каралаган ишкерге кайрылам мени каралоону токтоткула”,- дейт депутат.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы “Таксим” кафесин иштеткен, түрк ишкери Али Ифлазоглу жергиликтүү басылмалардын бирине депутат Камчыбек Жолдошбаевдин адамдары өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости