www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин онлайн чогулушунда ички иштер министри Улан Ниязбеков былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары аз катталды деп айтканыңар менен иш жүзүндө жарандардын коопсуздугун сактоо багытында уюштуруу иш-чаралары солгун деп, бир катар кемчиликтерди баса белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жол кырсыктарынын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана пропаганда-үгүттөө багытында ишти жогорулатуу тууралуу тапшырмаларды койду.
Жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча бизде жер-жерлерде бардыгы болуп бир жуманын ичинде 14930 жол эрежесин бузган факты катталган. Анын ичинен автоунааны мас абалында айдаган 189 факты аныкталды жана 150 автоунаа атайын айып пул салуучу жайларга киргизилген. Ал эми жыл башынан баштап 35428 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 477 мас айдоочуну кармалган.
Бардыгы 1835 автоунаа токтотулду. Андан тышкары ушул күнгө чейин атайын “Я знаю ПДД” деген акция өткөрүлүүдө. Бирок, ошого карабастан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткаруу керек экендиги да эскертилди.
Чогулуштун жүрүшүндө жалпы Кыргыз Республикасынын аймагындагы кышкы аба ырайына байланыштуу жол коопсуздугун сактоо боюнча бардык иш-чараларды жогорку денгээлде өткөрүү багытында тапшырмалар берилди.
Булак: NazarNews.kg