www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 28 жаштагы жүргүнчү марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

--“2021-жылдын 24-январында  саат болжол менен 02:30 чамасында Ысык-Көл РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 268-берененин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүш боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБнин БМЖКККнын кызматкерлери Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруттук унаадан текшерүү үчүн токтотулган. Унаадагы 1992-жылы туулган  Б. уулу Т.  аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо  жүргүзгөн учурунда баштыктын ичинен  кара куурай  кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган.

Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 килограмм 330 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты болуп аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости