www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мектеп мугалимдери маркум президент Ислам Каримовдун бюстуна акча чогултууга мажбурланууда. Бул тууралуу жергиликтүү мугалимдердин «Озодлик» радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда жазылган.

«Биз мугалимдердин атынан кайрылып жатабыз. Жакында мектеп директору облустук акимчиликтен Каримовдун бюстун алып келди. Ал анын баасы 450 миң сум (50 доллар) экенин, ар бир мугалим 10 миң сумдан чогултса, топтолгон акчаны акимчиликке жеткирип берерин айтты. Биз пандемия шартында ансыз деле араң жашап жатсак, акча чогултууга мажбурлап жатышат. Мындай акча чогултуулардан тажадык», — деп жазылган мугалимдердин кайрылуусунда.

Облустун Чиракчин районундагы бир нече мектептин директору мугалимдердин бул билдирүүсүн ырасташты.

«Бир нече күн мурда райондогу 10 чакты мектепке Ислам Каримовдун бюсттарын таштап кетишти. Ар бир директордон аны сатып алып, руханият сабактары өткөн класстарга коюу тууралуу тил кат жаздырып алышты. Азыр акча чогултуп жатам, дагы 100 миң сум керек. Бул сумма топтолгондон кийин облустук акимчиликке жеткирип берем», — деди райондогу директорлордун бири.

Райондук акимчиликтин кызматкери мектептерге Каримовдун бюстун таратып берүү буйругу облустук администрациядан келгенин билдирди.

Бирок, Кашкадарыя облустук акимчилиги бул маалыматты четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости