www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 илдети аныкталган мектепте окуган класс онлайн окууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциясына жол бербөө алгоритми боюнча ал балдар окуган класс онлайн окууга жөнөтүлөт. Эки аптанын ичинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Аларга сабак берген мугалимдер ПЦР - анализдерди тапшырганы жиберилет.

«Тилекке каршы, сөзсүз текшерүү иш- чарасында эки мектепте балдар COVID-19 менен ооруп жатканы аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, эки үй-бүлөдө коронавирус инфекциясы жуккан учурлар болгон экен.

Бактыга жараша, бардык коопсуздук чаралар аткарылды, окуу жайлардын кырдаалы көзөмөлгө алынды», - деп айтылат маалыматында.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте кадимки тартипте окуу башталган 2 мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости